22:12 | 24 июня, 2019

Ошто июнь окуясы эскерилди

Ош шаарында 2010-жылы болгон каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз жоголгондор эскерилди.
Ошто июнь окуясы эскерилди фото 2Ошто июнь окуясы эскерилди фото 3Ошто июнь окуясы эскерилди фото 4Ошто июнь окуясы эскерилди фото 5Ошто июнь окуясы эскерилди фото 6Ошто июнь окуясы эскерилди фото 7Ошто июнь окуясы эскерилди фото 8Ошто июнь окуясы эскерилди фото 9Ошто июнь окуясы эскерилди фото 10Ошто июнь окуясы эскерилди фото 11Ошто июнь окуясы эскерилди фото 12Ошто июнь окуясы эскерилди фото 13Ошто июнь окуясы эскерилди фото 14Ошто июнь окуясы эскерилди фото 15Ошто июнь окуясы эскерилди фото 16

Шаардагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өтүп, иш-чарага вице- премьер-министр Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коомдук ишмерлер, окуя учурунда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты.

Окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаарда улуттар аралык бөлүнүүгө жол берилбей турганын, учурда ынтымакта жашоо уланып жатканын билдирди.


Андан соң вице- премьер-министр баш болгон бийлик өкүлдөрү жабыр тарткандарга берилген үйлөргө барып, жабыркагандардан кабар алышты.


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)