19:36 | 20 октября, 2019

Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн шаардагы Т.Кулатов кичи шаарчасында жаңыдан негизделип курулган «Ак Ниет» сейил багы пайдаланууга берилди.
Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 2Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 3Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 4Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 5Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 6Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 7Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 8Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 9Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 10Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 11Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди фото 12

Сейил бактын расмий ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өкмөт башчы М.Абылгазиев шаар тургундарын Ош шаарынын күнү жана жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, биримдик, ынтымак каалады.
Ал эми, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов аталган сейил бактын курулушу тууралуу маалымат берди.

— “Ак Ниет” сейил багынын жалпы узундугу 850 метр. Сейил бак жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган эле. Бул жерде шаардыктар жана меймандардын эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Келечекте сейил бакты Ак-Тилек кичи райондоруна чейин узартууну пландап жатабыз. Ак ниет менен курулушун баштаган сейил бакка «Ак Ниет» деп ат бердик. Шаарыбызда жакшылыктар көп болсун”,-деди шаар мэри.

Андан соң, расмий коноктор жергиликтүү аксакалдар менен биргеликте жаңы курулган «Ак Ниет» сейил багынын кирүүсүндө тартылган кызыл тасманы кесишти.
Сейил бакта шаардыктар үчүн концерттик программа да тартууланды.


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)