19:59 | 20 октября, 2019

УКО-2019: Оштун улакчылары финалга чыкты

Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалында Оштун улакчылары Бишкек шаарынын командасы менен беттешти.
УКО-2019: Оштун улакчылары финалга чыкты фото 2

8:5 эсебинде Ош облусунун командасы Бишкек шаарынын улакчыларын жеңип алды. Мындан улам, финалдык таймашка Оштун улакчылары менен Чүй облусунун командасы чыкты.

Буга чейин Чүй облусунун улакчылары Талас командасын 5:2 эсебинде утуп алган. Көк бөрү мелдешинин 3-оруну үчүн Талас менен Бишкек шаарынын командалары оюн өткөрөт.

Эскерте кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча мелдештин 3-орун үчүн беттеш жана финалдык оюн 21-сентябрда өтөт.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)