02:39 | 24 августа, 2019

Кыргызстандык үч футболчу өмүрүнүн аягына чейин оюндан четтетилди

Азия футболдук конфедерациясынын Дисциплинардык-этикалык комитети 3 кыргызстандыкка футболго байланышкан ар кандай ишмердүүлүккө катышууга өмүрүнүн акырына чейин тыюу салды. Бул тууралуу Азия футболдук конфедерациясынан билдиришти.

Алар Бишкектин «Дордой» командасынын оюнчусу Курсантбек Шератов жана Оштун «Алай» футбол клубунун оюнчулары Ильяс Алимов менен Владимир Верёвкин.


Маалыматка караганда, жогоруда аты аталган футболчулар 2017-2018-жылдары Азия футболдук конфедерациясынын Кубогуна катышып жаткан учурда манипуляция жасашкан.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)