19:33 | 20 октября, 2019

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду

Бүгүн 20-сентябрь күнү, Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду фото 2

Ал финалдык кармашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн менен күч сынашып, атаандашын 5:3 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кыз Алехандра Ромеро Бонилланы 8:0 эсебинде жеңсе, андан кийинки таймашта япониялык спортчу Юкако Каваиден мыкты чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Аны менен бирге ал келерки жылы Тоикодо өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомону ала алган.

Жарым финалдык беттеште Тыныбекова түндүк кореялык Ёнг Сим Римди 7:0 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 16-22-күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)