07:39 | 17 февраля, 2020

Тиш дарыгери демилгелеген "Бир адамдан бир китеп" долбоору

Окуу бир коомдун күнүмдүк адатына айланганда, ал коом сөзсүз бактылуу болот!

(Сократ)

Кыргызстандын келечегин түптөгөн “Бир адамдан бир китеп” элдик долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков демилге кантип башталып калгандыгы жана алдыдагы пландары тууралуу биздин порталга маек берди.

Кыргызстанда да сөз менен эмес, иш менен алгылыктуу иштерди демилгелеп, ишке ашырган жаштарыбыздын чыгып жатканы кубандырат. Мына ушундай уулдарыбыздын бири, Кыргызстандын келечегине чоң салымын кошкон “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун демилгечиси, кесиби боюнча тиш даарыгери Бакай Акылбеков менен аңгеме дүкөн курдук.

Саламатсызбы, Бакай. Кыргыздын баарын китеп окууга үндөгөн “Бир адамдан бир китеп” долбоорун демилгелеп чыгууңузга эмне себеп болду?

Бир адамдан бир китеп долбоорунун келип чыгуусуна көп себептер бар. Бирден-бир себеби — бала кезде көп китеп окубай калганым. Он биринчи классты бүтүп жатканда, предметтик китептерден сырткары, адабий чыгармалардан эки, үчөөнү эле окуптурмун эстесем. Бул өтө чоң өксүк. Байкап көрсөм бул менде эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанда ушундай абал экен. Китеп окуудан өтө алыстап кетиптирбиз. Бул көйгөйдү чечүүнүн жолун ойлонбосок болбойт деген чечимге келдим. Чет өлкөдө деңиздин жээгиндеги бир китепканага кирип калып, Чыңгыз Айтматовдун беш тилге которулган китебин көрүп аябай сүйүндүм. Чет өлкөлүктөрдөн Айтматов жөнүндө сурасаң билишет. Чыгармаларын окушат. Мындан улам “кыргыздар өзүбүз окуп жатабызбы” деген суроо туулду. Алардын китеп окуганын көрүп аябай таң калдым. Анан Кыргызстанга келгенде намыстанып, өкмөттөн эле күтүп отурбай өзүбүз аракет кылалы деп ушул долбоорду баштадык. Бир китепкана ачып бериңиз, же 100 000 сом бериңиз десең татаал угулат. Бирок, ошол эле учурда, балдарына 10 000 сомго телефон алып берип, айына 500 сомго бирдик салгандар бар. Ошондон жок дегенде бир адам жаңы, жакшы китеп алып берсе, бир айылда 1000 китеби бар китепкана пайда болот экен деген идея менен келип, 2018- жылы 15-декабрда долбоорубуз старт алып, 2019-жылы январь айында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында биринчи китепкананын ачылышын жасадык.

Долбоордун ийгиликтери жөнүндө кенен айта кетсеңиз: канча китеп топтолуп таркатылды; канча китепкана ачылды; кандай иш-чаралар уюштурулду; окурмандардын кызыгуусу кандай; саны артып жатабы.

Долбоор башталганы, жеке мен өз айылымы айтсам, элде аң-сезим өзгөрө баштады, жаштар демилгелеп чыгып айылыбызда ичимдик сатылбай калды, жарыктандыруу, мектепти оңдоо, айылды көрктөндүрүү иштери колго алынды. Китепкана жаңы ачылганда жумасына 500-600 окурман кирип жатты. Азыркы күнгө чейин бул көрүнүш уланууда. Анан ушул жакшы демилге бир айылда калып кетпесин деп бүт Кыргызстанга тараттык. Учурда 7 дубан боюнча 160 китепкана ачылып, 130 000 китеп жеткирилип, 30 000 000 (отуз миллион) сомдук инвестиция жасалды. Мына ушунун баары “Бир адамдан бир китеп” деп башталган долбоордун жемиши. Азыр бул долбоорду Германия, Жапония, Египет жана Түркиядагы жарандарыбыз да өз салымын кошуу максатында уюштуруп жатышат. Долбоор күндөн-күнгө чоңоюп жатат. Окурмандар көбөйдү. Мисалы, бизде мурда китепке болгон инвестиция, сатылган китептердин санын 6 миллион элдин санына бөлө келгенде, бир адамга 18 тыйындан туура келчү экен. Америкада күнүнө 1 миллиондон ашык китеп сатылат экен. Азыр эми кызыгуу артты. Окурмандар жаңы китеп издеп калышты. Басмаканалар тынбай иштеп жатат. Китеп дүкөндөр байма-бай ачыла баштады. Китепкөй окуучулар олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеп, алтын тамга менен бүтүп жатышат. Бул өтө сонун. Жандануу бар.

Долбоорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктар, кызыктар жаралууда?

Долбоорду ишке ашырууда кыйынчылыктар көп эле болуп жатат. Китепкана ачабыз деген жигердүү жаштарыбызга кээ бир айылдын эли ишенбей, айыл өкмөттөр колдоо көрсөтпөй койгон учурлар болот. Элди бул ишке чакырып жатканда жаман айтканы, жакшы айтканы болот. Силер эмнеге сурап жүрөсүңөр, силерге ким акча төлөйт деген түшүнбөстүктөр болот. Албетте, ишке ашыруу оңой эмес. Бир адамдан 200 сом, 100 сом алыш кыйын. А бир айылга 200 000 – 300 000 сомдук китепти чогултуш өтө көп түйшүктү, мээнетти талап кылат. Жаңы ачылган китепканалардын ачылышын жасоодо Нуржигит Кадырбеков, Сулайман Рысбаев сыяктуу эл жакшыларын элге дем берсин деп, кошо күндүн ысык-суугунда, алыскы айыл жерлерине чейин барып, жолдо жөө калып, машине түртүп кызык күндөргө кабылган учурлар болду. Албетте, мунун баары машакаттуу бирок, жемиши таттуу, үзүрү кайтчу иш. Долбоордогу тилектеш, чогуу канатташ болуп жүргөн улан-кыздар менен көп ийгиликтерге жетишебиз, буюрса.

Каржылык жагын кантип чечип жатасыздар?

Каржылык жагын башынан эле чет элдик фонддордон же кайсы бир партиядан сурабай, эл өзүбүзгө өзүбүз инвестиция жасайлы деген принцип менен баштаганбыз. Качан бир нерсеге адамдын өз чөнтөгүнөн кетсе, ага убактысы кетсе ал барктуу болот. Долбоордун да ишке ашуусунда ийгиликтүү болуп жатканынын себеби — өзүбүздүн, тактап айтканда, студент, пенсионер, мугалим, ишкер, чет өлкөдөгү жарандарыбыздын кошкон салымынын болуп жатканы. Мына ушунусу менен бул демилге барган сайын жемиштүү жана кызыктуу болуп жатат. Эгерде чет өлкөдөгү кайсы бир фонд акча менен каржылап койгондо бул долбоордун кадыры анча жок болуп калмак. Ошол себептен да, бул элдик долбоор деп айта алам. Ар бир жаран өз салымын кошконго аракет кылып жатат.

Алдыда кандай пландарыңыздар бар?

Алдыда пландарыбыз өтө көп: китепканаларды ачуу; окутуу боюнча иш алып баруу; заманбапташтыруу. Биринчи этап боюнча иш ар бир айылга китепканалар ачылганга чейин уланат. Китепканаларды да жөн гана китепкана эмес, ошол жерде тил курстарын окутуу, семинар, тренингдерди өтө турган маданий-өнүгүү борбору катары уюштурууну пландап жатабыз. Андан сырткары, аскерлерибизде да китептер жетишсиз экен. Алар да окусун, мекенчилдик сезими ойгонсун деп азыр 3 аскердик бөлүмдө китепкана ачтык. Аябай ыраазы болуп окуп жатышат. Быйылкы жылы өзгөчө ооруканаларга, аскердик бөлүктөргө, студенттик жатаканаларга көбүрөөк басым жасайлы деп жатабыз. Балдар үйлөрүндө дагы китепканалардын ачылышын жасаганга аракет кылабыз. Экинчи этап боюнча, быйыл эң алгачкы оюн “Маркумдар үнү” китеби боюнча 100 000 сом байге коюлуп, Бишкек шаарында өтө турган болуп жатат. Бул оюнга 1200 адам катталып, мынча кишини кайсы жерге батырабыз деп ойлонуп жаткан кезибиз. Мындай оюндар ар бир район, айылда болот, буюрса. Мындан сырткары, “Окурман үй-бүлө”, “Бир жумага бир китеп” деген дагы сынактарыбыз бар. Анан “2020га 20 китеп” деген сөзсүз окуш керек деп тизмектеген 20 китепти сунуштадык. Бул боюнча да алдыда чоң конкурстар болот.

Бул ийгиликтүү долбоордун демилгечиси катары окурмандарга кайсы 5 китепти сөзсүз окугула деп сунуштайт элеңиз?

“2020га 20 китеп” деген сунуштамабыздагы китептердин баарын сунуштайм. Көп факторлорду эске алып аң-сезимге таасир бере турган, даңгыр жолго сала турган, элдин баарына жеткиликтүүлүгүн эске алып, басмаканаларда бар китептерди сунуштадык. Андан сырткары 5 китепти бөлө айтсам, Сулайман Рысбаевдин “Сөз жөнүндө сөз” деген китебин. Мында сөздүн кадыры, сөздүн ыйыктыгы, сөздүн кесепети, сөздүн келип чыгышы, адамдын адам болушу, Жараткандын адамдарга берген белеги тууралуу, кыскасы өтө сонун, терең мазмундуу жазылган. Экинчи, “Маркумдар үнү”, Жек Лондон “Мартин Иден”, Пайгамбардын (САВ) бейнеси жана “Кылычсыз Самурай” деген китептерди сунуштамакмын.

Былтыр анан жыл жаңыргандан бери канча китеп окудуңуз?

Былтыр канча китеп окудум… (күлүп) Мен канча китеп окуганымы санагым келбей калды. Себеби, иштер менен болуп, кээде убакыт тар болуп калат. Ушул долбоордон улам укмуш китеп окуган улан-кыздарыбыз чыгып жатат. Эң алды 10 айда 150 китеп окуган окуучу кыз бар экен Нарында. Баткендик жигит 80 китеп окуптур. Ушул сыяктуу китепти мыкты окуп, катуу кеткендер бар. Алардын жанында окуган китептерими санаш кыйынга туруп калат экен. Ошентсе да айта кетейин, былтыркы жылы 18 китеп окуптурмун. Быйыл жыл жаңыргандан бери 4 китеп окудум. Бешинчисин жаңы окуп баштадым. Быйыл өзүбүз да китепти көп окуйлу деп ыктыярчыларыбызга да, жок дегенде бир жумада бир китеп окуйлу деп тапшырма берип жатабыз.

Эң таасирленген китебиңиз кайсы?

Эң таасирленген китептерим көп, албетте. Биринчиси, бүгүнкү күндө да эл аябай талап кылып жаткан “Маркумдар үнү” китеби. Мында биздин өзөгүбүз, тарыхыбыз каякта экени, мамлекетибиз кантип пайда болгону, жөн жеринен эле пайда боло калбаганы, 20 жаштагы аталарыбыздын баатырлыгы, алгачкы окуу, алгачкы китептерди жайылтуу, интеллигенцияны түптөө деген сыяктуу көп маселелер камтылган. Маркумдар үнү китебин экинчи Сынган кылыч деп атайт элем. Экинчи таасирленткен китеп — пайгамбарыбыз (САВ) жөнүндөгү “Чексиз нур” деген китеп. Пайгамбарыбыздын эң таасирлүү, идеалдуу адам экендигини аябай жакшы сүрөттөп, өмүр баянын аябай мыкты чагылдырып берген. Чет элдик адабияттан Жек Лондондун “Мартин Иден” чыгармасы жагат. Кишиге дем берген китеп. Анан акыркы жарык көргөн китептерден “Кылычсыз Самурай” китеби аябай таасир калтырды. Лидерлик боюнча эң мыкты чыгарма демекмин. Себеби, китептеги каарман Хидейоши эң жөнөкөй ишенгис нерседен лидерлик жараткан адам.

Ишиңиздерге ийгилик, Бакай мырза. “Бир адамдан бир китеп” долбоору ар бир айылга, ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга жетишине тилектешпиз. Келечек сиздей жаштардын колунда. Бар болуңуз.

Маектешкен: Акбермет RSh


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)