04:19 | 21 сентября, 2019

Ошто дагы бир аллея курулат

Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун Төлөйкөн-12 көп кабаттуу үйүнүн артына кичи аллея курулат. Аллея шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун өткөн аптада ишкерлер менен сүйлөшүүсүнөн кийин башталды
Ошто дагы бир аллея курулат фото 2Ошто дагы бир аллея курулат фото 3Ошто дагы бир аллея курулат фото 4
Мэр мүмкүнчүлүгү бар ишкерлерди өз каалоолору менен шаардын абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чакырган. Бүгүндөн тарта аталган жайды курулуш иштерине даярдоо жумуштары жүрүүдө. Кичи аллея “Золотой квадрат” курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен курулат.
Төлөйкөн 12-көп кабаттуу үйүнүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар мэрия тарабынан алынып салынган.
Эске салсак, Кулатов кичи районунун Б. Осмонов көчөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 850 метрден ашуун аллеянын курулушу жүрүүдө.
Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабына (Төлөйкөн кичи районунун аймагына) “Нурзаман” курулуш компаниясы да кичи аллея жана аялдама куруп берди.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)