16:17 | 23 января, 2020

Балыкчы-Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан унаа күйүп 2 адам каза болду

Ысык-Көл районунда Балыкчы-Каракол унаа жолунун 55-чакырымында (Өрнөк айылы) “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Мерседес-Ман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан. Бул тууралуу ӨКМнен кабарлашты.


Кырсыктын кесепетинен Камаз үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган, каза болгон адамдардын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 2 бөлүм жана АКУ менен 3 куткаруучу тартылган.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)