16:12 | 23 января, 2020

13-17-январларга карата күтүлгөн аба-ырайы менен таанышып алыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул аптага карата аба ырайы тууралуу билдирүү таратты.


Маалыматка ылайык, 13-январда жана 14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

15-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-январларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)