16:34 | 19 июля, 2019

16-июлда зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге учат

Мекке шаарына ажылык сапарга Кыргызстандын алгачкы тобу 16-июль күнү жолго чыгат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
16-июлда зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге учат фото 2

Муфтияттын маалыматы боюнча, Оштун Кара-Суу районундагы мечитте облустун казысы Самидин Атабаев ажы башчылар жана зыяратчылар менен жолугушуп, ажылык сапардагы маанилүү процесстер тууралуу айтып берди.


Андан тышкары сапарга баруучуларга окшош кийимдер таратылды.

Эскерте кетсек, Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстанга 5510 орун бөлүп берген.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)