17:50 | 23 января, 2020

Журналистке кол салууга шектелип төрт жаран кармалды. Фото

factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темировго кол салууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу «Ош Порталга» Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Шектүүлөр бүгүн, 14-январда эртең мененки саат 07:00до колго түшүрүлгөн. Алар азыр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышкан.

Маалыматка ылайык, шектүүлөргө жазык кодексинин 201-беренсинин 2-бөлүмүнүн 1,2 пунктары жана 3-бөлүмүнүн 3-пункту «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси менен айып тагылууда.

Учурда кылмыштын баардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат. Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 9-январында Бишкек шаарында “Factcheck.kg” сайтынын редактору Болот Темировго кол салуу болгон. Буга байланыштуу Темиров Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган эле. Журналист кол салууну кесиптик абалына байланыштырган болчу. Бирок күч тузүмдөрү ишти тоноо фактысы катары гана каттап коюшкан.

Журналистке кол салууга шектелип төрт жаран кармалды. Фото фото 2Журналистке кол салууга шектелип төрт жаран кармалды. Фото фото 3Журналистке кол салууга шектелип төрт жаран кармалды. Фото фото 4Журналистке кол салууга шектелип төрт жаран кармалды. Фото фото 5

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)