07:27 | 17 февраля, 2020

Бул кызык: Өзөгү бар, өлкөсү жок улуттар

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районундагы казактар менен дунгандардын ортосундагы чыр өз мамлекетиңдин болгону чоң байлык экенин тастыктады окшойт. Жеймс Минахандын (James Minahan) Encyclopedia of the Stateless Nations Ethnic and National Groups Around the World деген дүйнөдөгу мамлекети жок улуттар жөнүндөгү эмгегинде эгемендүүлүктү эңсеген 300 дөн ашуун улут бар экени айтылат. Биз сиздерге өз өлкөсүн түптөй албай жүргөн 5 чоң улутту тизмектедик:


1. Күрттөр — 38 миллиондон ашуун, көпчүлугү Сирия, Түркия, Иран жана Ирак менен чектешкен аймакта жашайт. Узак убакыттан бери көз карандысыз мамлекетин куруу үчүн ар кандай аракеттерди жасап келе жатышат.

2. Сикхтер – 20 миллионго жакын, Индиянын курамында жашашат. Эгемен өлкөсүн куруу үчүн көтөрүлүштөрдү уюштурганы менен, ийгиликсиз болуп келет.

3. Цыгандар – болжол менен 10 миллион, көбүнчөсү Европада жашайт.

4. Уйгурлар – 11 миллионго жакын, көпчүлүгү Кытайдын батышындагы Синьцзян Уйгур автономиялуу районунда жашашат. Тарыхта чоң мамлекеттерди түптөгөн уйгурлар эгемендүүлүктү эңсеп жүргөн учуру.

5. Каталониялыктар – 8,2 миллионго чукул, өз тили, бай маданияты бар бул эл Испаниянын курамынан бөлүнүп чыгууну максат кылып келишет.

Желегибиз желбиреп, мекенибиз гүлдөп, элибиз ынтымакта болсун. Бар бол, КЫРГЫЗСТАН!

даярдаган: Акбермет RSh

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)