06:06 | 17 февраля, 2020

Комузду колунан түшүрбөгөн Азиз Батыров менен маек

Жаш кезинен комузду колунан түшүрбөй даңазалап келген Азиз Батыров аттуу ырчы жигит бар. Ал улуту өзбек болгонуна карабай кыргыз каада-салттарын, дастандарын жакшы билет. Өзүнүн артындагы 300дөн ашуун шакирттерине комуз чертүүнү үйрөтүп келет. Эки элдин достугун бекемдеген чыгармачыл инсан. Учурда ал Өзбекстанда өтүп жаткан маданий конкурста Кыргызстандын атынан катышып өз өлкөсүнүн желегин желбиретүүдө. Биздин портал Азизден атайын маек алды.

Алгачкы эле суроо, комуз менен ырдоого кантип же болбосо эмненин аркасы менен кызыгып калдыңыз эле?

Мен комузга бала кезимден эле аябай кызыгат элем. Негизи эле комуз эмес музыкалык аспаптардын баарына кызыгам. Ал кезде садик жашындагы бала болчумун үйдөгүлөргө аны алып бер, муну алып бер деп эле музыкага жакын болгомун. Телевизордон ырчылар ырдаса аларды кайталап, алар менен кошо ырдап, бийлей берчүмүн. Бирок алардын ичинен комуз менен ырдалган ырларды өзгөчө жакшы көрчүмүн. Кийин мен 1-2-класстарда Роза Аманова эжебиз телевизорго чыкканда жабыша калып көрөт элем. Роза эжебиздин ырларын сүйүү менен берилип угат болчумун. Ошол учурда эжебиз телевизордон аз чыгат эле. Ушул эже дагы ырдаса экен деп аябай тиленип күтчүмүн. Мен комузга бир нерсенин аркасы менен кызыгып калгам деп айта албайм, себеби бул талант жараткандан берилген шык деп эсептейм. Ошол үчүн кызыгуум артып, комузду сүйүп комуз чертип баштагам.

Сөздү улай эле комуз жөнүндө суроо салсам. Канча жашыңыздан бери комуз чертесиз, үй-бүлөңүз комуз чертүүңүзгө каршы болгон эмеспи?

Комузду 12 жашымдан бери чертемин. Ага чейин болсо жыгачтарды комуз кылып резиналарды байлап алып комуздун үнүнө окшоштуруп черте берчүмүн. Колума комузду алгачкы жолу 12 жашымда алганмын. Кара-Суу шаарында балдар чыгармачылык борбору бар мына ошол жерден Уулкан Стамкулова деген эжеке колума алгачкы жолу комуз карматкан.

Билишибизче сиз орус мектепти окуп бутүргөнсүз. Сизге кыргыз тилин үйрөнүү кыйынга турган жокпу?

Ооба, мен 11 жыл орус мектепти окуп бүтүргөнмүн. Бирок мен кыргыз тилди үйрөнүү үчүн атайын курстарга деле барган эмесмин. Мен жашаган айылда ар улуттун өкүлдөрү жашайт болчу. Биз баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөгөнгө байланыштуу мен да кыргыз тилинде сүйлөп чоңойдум. Мектепте адабият, кыргыз тил сабакдарына басым жасап окучумун. Бирок кантип үйрөнүп калганымды өзүм да билбейм, көбүнчө практикадан үйрөндүм деп ойлойм. Мага кыргыз тилин үйрөнүү кыйынга турган жок.

Учурда Кыргызстандын атынан Өзбекстандагы конкурска катышып жатыптырсыз. Ошол тууралуу айта кетсеңиз?

Кыргызстандык өзбек улутундагы жигитмин. Бирок мен өзүмдү кыргызмын деп эсептейм. Себеби мен кыргыз жеринде туулуп өскөнмүн. Өзбекстандын маданият министрлиги тарабынан конкурс жарыяланып ошол конкурска мен Кыргызстандын атынан катыштым. Биринчи турунда аябай көп катышуучулар болду. Ал эми экинчи турунда 450 катышуучу ат салышты. Ошолордун ичинен үчүнчү турга 56 талапкер өттү. Ал талапкерлердин арасынан 15 гана катышуучуну тандап алышты. Алардын арасында мен да бармын. Бул конкурска ар жерден катышуучулар келишти. Казакстан, Тажикстан, Кара-Калпакстан жана башка өлкөлөрдөн катышуучулар бар. Өзбекстандын жаштары аябай көп катышты. Мен ал жерде кыргызча, өзбекче чыгармаларды ырдадым. Эми бул жеңүүчүлөр маданият министрлиги тарабынан каржыланып чоң таймаштарга катышабыз.

Бул убакка чейин сиз Түркияда өткөн сынакта эки жолу алтын үн деген номинацияга ээ болгонсуз. Жаш эле туруп мындай ийгиликтерди багындыруу көбүнүн колунан келе бербейт. Сиз кантип багындырдыңыз?

Студент кездеримде Кыргызстандын атынан Түркия өлкөсүнө барып көптөгөн сынактарга катышып жүргөнмүн. Өзүңүз билгендей эле «Алтын үн» деген наамга эки жолу ээ болгонмун. Ал учурда кыйынчылык болгон. Көп учурда финансы жагынан. Анткени сынактарга катышуу үчүн өз чөнтөгүнөн каржы кетет. Андан башка кыйынчылык деле жаралбады менде. Бирок жеңүүчү болгондо кайра өзүн-өзү актап кетет экен. Мен үчүн эң эле кыйын жери бул жеңиши жок мекенге кайтуу. Ар дайым жүзүм жарык болуп кайткым келет. Ошондой эле 2018-жылы Казакстанда «Күмүш үн» сынагына да 25 адам катышкан. Мына ошолордун арасынан мен 2-орунду багындыргам.

Билишимче сиз жаш кезиңизден эле шакирт тарбиялап келесиз. Азыркы учурда канча шакиртиниз бар?

Ооба мен окуучулук кезимден эле кошуна балдарды топтоп алып аларга комуз үйрөтө берчүмүн. Учурда Бишкектеги консерваторияны бүтүп магистратурамды жактадым. Азыр аспирантурада окуп жатам. Ошентсе да шакирт тарбиялоону улантып келем. Учурда 300дөй шакирт тарбиялап жатам. Азыр комузга кызыккандар аябай эле көп. Ал нерсе мени аябай кубандырат. Мага шакирт болгусу келгендердин комузу жана каалоосу болуусу керек. Адамда каалоо болбосо биз ал адамга эч нерсе үйрөтө албайбыз. Бирок мен аларга шарт койгон эмесмин болгону ушул эки нерсе болсо үйрөнүп кетет деп айта аламын.

Азиз мырза биздин сайтка маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык. Сизге ийгилик каалайбыз. Мекенге жеңиш менен кайтыңыз!

Маектешкен: Айтунук Анарбаева

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)