18:01 | 23 января, 2020

Бишкек-Ош унаа жолунда “Хонда Стрим” унаасы оодарылып, бир адам каза болду

Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө тилкеси) “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жол кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 6 адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Учурда куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)