01:31 | 24 августа, 2019

Кара-Сууда логистикалык борбор ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жашылча-жемиштерди кайрадан иштетүүчү консолидациялык борбор ишке кирди.
Кара-Сууда логистикалык борбор ачылды фото 2

Логистикалык борбордун муздаткычынын сыйымдуулугу миң тоннаны түзөт жана 20 тонна жашылча-жемишти кайрадан иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мында айыл-чарба продукциясын кабыл алгандан кийин, аны жууп-тазалоодон тартып, иргеп, таңгактоо процесстери жүрөт.


Соңку 2 ай аралыгында борбор 200 тонна продукцияны Орусия, Казакстанга экспорттогонго жетишкен. Сырьёну камсыз кылуу максатында, дыйкан, багбандар менен келишим түзүлгөн. Борбордун ээси кошумча 40 гектар аянтка карлик тибиндеги бактарды тиккен. Ал 2 жылдан кийин түшүм бере баштайт.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)