04:49 | 21 сентября, 2019

Жумуртка ден соолукка зыянбы?

Америкалык окумуштуулар жумуртканы көп колдонуу жүрөк-кан тамырынын оорусуна жана эрте каза болууга алып келээрин аныкташты.
Жумуртка ден соолукка зыянбы? фото 2

Учурда америкалык даарыгерлер тарабынан жумурткага чек коюлган эмес. Бирок, 2015-жылы диетологдор адамдын организмине бир күндө 300 миллиграмм холестерин жетиштүү экенин айтышкан. Ал эми, бир жумурткада 200 миллиграмм холестерин бар.


Окумуштуулардын айтымында, бир күндө кошумча 300 миллиграмм холестерин колдонсо жүрөк-кан тамырынын оорусу 17 пайыз жогорулайт жана 18 пайыз эрте каза болууга алып келет.


Массачусетс университетинин окумуштуусу Кэтрин Тукер, жумурткадан баш тартууга болбойт, анткени ал көзгө жана сөөккө пайдалуу экендигин билдирип, бир гана чеги менен колдонуу керектигин айтат.


Аталган изилдөөгө 30дөн ашык адам катышкан жана 31 жыл катышуучуларды көзөмөлдөгөн


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)