04:19 | 21 сентября, 2019

Тамеки чегүү жөнүндө коркунучтуу фактылар

Эгерде ар бир тамеки чегүүчү анын натыйжасын аңдай билсе, жер жүзүндө акылсыздар гана тамеки тартышмак. Ал эми кантип тамекини таштаса болот деген суроого жооп издеп жатсаңыз, анда төмөнкү фактылар менен таанышыңыз.
  • Тамеки чегүүнүн өтө чоң масштабта жайылуусу – бул кыска убакытка адам баласын алаксытып, ошол эле кезекте байкалбастан эбегейсиз чоң зыян келтиргенинде.
  • Обьективдүү изилдөөлөрдүн эсептөөсүнө караганда, Орусинын азыркы 150 миллион калкынын 20 миллиону тамеки чегүү менен орточо 20 жылдык өмүрүн кыскартат.
  • Тамеки жана анын түтүнү 3000ге жакын химиялык байланыштарды камтыйт. Анын айрымдары канцерогендүү болуп, генетикалык материалдын клеткаларына терс таасирин тийгизип, рак дартынын өөрчүшүнө жол ачат.
  • Чылым чегүүчүлөрдүн 10% рактын жаман дарты опухольго чалдыгып көз жумушат. (күнүнө 20 тамеки чеккендердин -20%ы)


Тамеки чегүү адам баласынын ден-соолугундагы терс факторлорунун өөрчүшүнө эффективдүү таасир тийгизет. Алсак, алкоголдук ичимдиктерин регулярдуу колдонгон бирок тамеки чекпегендердин ооз көңдөйүндө, кекиртек жана кызыл өңгөчүндө рак пайда болуу риски 2 -3 эсе көп. Ал эми алкоголдук ичимдиктерин колдонуп ошол эле кезекте чылым чеккендер болсо, организмде рактын өөрчүшү 9 эсеге өсөт.


  • Тамеки чекпеген адамдарга салыштырмалуу чеккен адамдардыкы бронхит оорусу 5-7 эсе көп кездешет. Убакыт өткөн сайын бронхит оорусу өөрчүп, өпкөнүн эмфизема жана пневмосклероз оорусуна алып келет жана өпкөнүн иштөө функциясына терс таасирин тийгизет.
  • Чылым чегүүчүнүн кислород жетпегендиктен жүрөк кан-тамыр булчуңдары дароо бузулат. Дагы бир себеби, тамекинин түтүнүнөн кандын гемоглобини кычкылтекке сугарылып калгандыктан да болот.
  • Чылым чеккендер чекпегендерге караганда 2-8 эсе көп инфаркт миокардага кабылат. Ошол эле кезекте чылым чегүүчүлөр 3-4 эсеге көбү өздөрүн жакшы сезип туруп эле, күтүүсүздөн жүрөктүн ишемиялык орусунан көз жумат.
  • Тамеки чегүүнү таштап салуу баардыгынын колунан келет. Айрым адамдарга таштап салуу оор келиши мүмкүн, бирок бул ойлонуудан дагы жеңил нерсе. Чылым чеккенди таштагандардын 60%нын айтуусунда тамекини таштап салуу мынчалык жеңил экенин билишсе, мурдатан эле таштап салышмак.
  • Тамеки чеккендердин 95% тамекини таштап салууга эрки жетпей жүрүп инфаркт миокарданы башынан өткөргөн соң дароо ташташат. Мындай адамдарга эч кандай лекция окуп же ынандырып убара тартпай эле койгон жакшы.


Өспүрүм куракта чегип баштап, өмүрү боюнча чегүүнү уланткандардын түбүнө, чылым сөзсүз жетет.
Тамеки чегүү жөнүндө коркунучтуу фактылар фото 2

Бир канча мамлекеттердеги кырк жыл бою уланган эпидемиологоиялык изилдөөлөр чылым чеккендердин жарымынан көбү өспүрүм куракта башташып, дээрлик жетимиш жашка чыкканга чейин улантышкан. Көпчүлүк адамдар чылымдын зыян экенин билишет, бирок айрымдары гана тактап айтканда саламаттыкты сактоо кызматкерлери канчалык деңгээлде чылым чегүү кооптуу экенин билишет. АКШдагы изилдөөлөргө ылайык, 15 жаштагы өспүрүм чылым чегип баштаса ал 70 жашка чыкпай калышы мүмкүн. Наркотикалык заттар, өзүнө өзү кол салуу, СПИД, авария сыяктуу өлүмдөрдүн баардыгын бириктирген күндө дагы чылым чегип каза болгондордун саны үч эсе көп.


Кыргызстанда 20 жаштагы миңдеген чылым чегүүчүлөр өмүр бою чегишсе, жетимиш жашка чыкканга чейин анын бирөө өлтүрүлөт, тогузоо жол-транспортундагы авариядан көз жумса, эки жүз элүүсү тамекинин айынан каза табат. Жогорудагы 250 адам 22 жылдык өмүрүн тамекинин айынан курмандык чалган болот. Дагы 250 адам тамеки менен байланыштуу болгон ооруларга чалдыгып, жетимиш жаштан ашкандан кийин көз жумат. 1990-жылы өнүккөн өлкөлөрдөгү 35-69 жаштагы эркектердин өлүмүнүн 35% чылым чегүүдөн улам болгон.


Өнүгүү жолундагы мамлекеттердеги абал деле жакшы эмес. Дүйнөлүк Банк «Эгерде чылым чегүү деңгээлин төмөндөтпөсө, ондогон жылдардан кийин чылым чегүүдөн каза тапкандардын саны СПИД, туберкулездон каза тапкандардын санын ашып өтөт» деп билдирген. Ошондой эле Дүйнөлүк Банктын айтуусунда, балдардын төрөтүндө дагы кыйынчылыктардын жаралышы кеңири тарайт.


Эл аралык серепчилердин Италияда болуп өткөн кездешүүсүндө төмөндөгүдөй тыянак чыгарышкан: «Дүйнө жүзүндөгү масштабга көз чаптырсак, эрте каза болуулардын эки себеби эң жогорку көрсөткүчтөрдө – алар чылым чегүү жана ВИЧ инфекциясы. Туруктуу жана бирдиктүү өнүгүүдө чылым чегүү терс таасирин тийгизбей койбойт. Өнүгүп келаткан коомчулукка тамекинин чыгарган маселелери ден-соолукка гана терс таасирин тийгизбестен, социалдык жана экономикалык өнүгүүгө, ошондой эле айлана – чөйрөнүн бузулушуна залакасын тийгизет.


Дүйнө жүзүндө ар бир он секунд сайын чылым чеккен бир адам көз жумуп турат.


Учурда чылым чеккен адамдардын саны жыл сайын төрт миллионго чейини каза болуп келет. Эгерде азыркыдай көрсөткүч улана берсе, отуз жылдан кийин он миллионго жетет.


Азыркы тенденция сактала берсе, 500 миллионго жакын адам (жер бетинин 9% калкы) чылымдан улам көз жумат. 1950-жылдан бери тамеки 62 миллион адамдын өмүрүн алган. Мындай көрсөткүч Экинчи Дүйнөлүк согуш убагында да болгон эмес. Учурда чылымдык пандемия (эпидемия) маселеси Борбордук жана Чыгыш Европада ошондой эле Батыш Тынч океан аймагында кабыргасынан коюлган. 1995-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала берген маалыматында Борбордук жана Чыгыш Европада 700 миңге жакын адам чылым чегүүдөн каза тапмак, бул дүйнөдөгү өлүмдөрдүн төрттөн бир бөлүгү. Батыш Европа менен Түндүк Американын калкынын жарымы 70 жаштан төмөн адамдары чылымдын айынан жапа чеккен болсо, Борбордук жана Чыгыш Европада чылым чеккен адамдар орто жаштан эле жапа чегип келишкен.


Бул абал жакшырбастан тескерисинче төмөндөөдө. Жогоруда аталган мамлекеттерде чылым чегүүнүн тенденциясы жогорулагандан жогорулоодо.



Тамекиден баш тартып кандай пайда тапса болот?

  • Организмдин күнүмдүк интоксикациясынан арыласыз
  • Өпкө рагын алдын алып, жүрөк кан-тамыр ооруларын өрчүү рискин төмөндөтөсүз.
  • Жыл сайын тумоо жана жугуштуу оорулар сейрек кездеше баштайт.
  • Ооздогу, чачтардагы, кийимдеги жана унаадагы жагымсыз жыттан арыласыз.
  • Демикпестен тепкичтерден көтөрүлөсүз.
  • Каражат үнөмдүү болот.
  • Өз балдарыңыздын дем алуу органдарына кам көргөн болосуз.
  • Бетиңизге бырыштар аз жана кеч түшөт.
  • Эртең мененки жөтөлдөн арыласыз.
  • Майып болуп калуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, өмүрүңүздү 10-20 жылга узартасыз.
  • Өз жашооңузду көзөмөлгө ала аласыз.


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)