20:39 | 20 октября, 2019

Контрасттык душ алгандын пайдасын билесизби?

Сергитүүчү контрасттык душка түшүп ырахаттаныӊыз.
Контрасттык душ алгандын пайдасын билесизби? фото 2

Алгач үч мүнөт ысык душка түшүӊүз, андан кийин муздак сууга өтүп, 30 секундча жуунуӊуз. Балким, башында кичине үшүп кетишиӊиз мүмкүн. Кайра ысык сууга үч мүнөттөй убакыт өтүп, жакшылап жылынып алыӊыз. Анан кайрадан 30 секунд муздак сууга жуунуӊуз. Эми сиз муздак суу салкындатып жана сергитээрин сезишиӊиз керек. Чынында эле, суу кан айлануу процессин жакшы стимулдаштырып, иммундук системди бекемдейт. Эгер кааласаӊыз, дагы бир айлансаӊыз болот (ысык-муздак). Майда тешиктер жабылышы үчүн, акырында дайыма 30 секундча муздак суу менен жуунуп бүтүрүӊүз. Бул процесс иммунитетиӊизге пайда алып келиши үчүн, өтө муздап кетпеӊиз.


Бул процессти күнүгө жасай турган болсо, ал иммундук систем үчүн абдан пайдалуу. Эгер ооруй баштаганынызды сезсеӊиз, же ооруп жатсаӊыз, анын жардамы менен жакшы жыйынтыктарга жете аласыз. Контрасттык душ сизди «жууп тазалап» жаткандай сезилиши мүмкүн, бирок, чынында, сиздин организмге оорулардан качууга, ал эмес айыгууга да жардам берүүчү күчтүү табигый ыкма.


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)