04:35 | 21 сентября, 2019

Импотенциянын себептери

Туура эмес эмоционалдуу маанай импотенциянын себеби деген ой дарыгерлерди көп убакыттар бою жаңылыштырып келген. Бүгүнкү күндө эркектердин алсыздыгы ички органдардын туура эмес иштөөсүнүн жана башка жагдайлардан болууда деген түшүнүк бар.
Импотенциянын себептери фото 2

Белгилүү психотерапевт Зигмунд Фрейд импотенцияны эркектин эң көп кездешүүчү ийгиликсиздиги деген. Андан бери медицина өнүгүп, жыныстык күчсүздүктү дарылоодо бир катар технологиялар иштелип чыкты. Ага карабастан, бүгүнкү күндө деле потенция эркектин эң көйгөйлүү маселеси.


Импотенциянын статистикасы

10 эркектин ичинен экөө сөзсүз түрдө эрекциянын бузулуш менен жабыркашат. Ар бир онунчу эркек гана сексуалдык жактан жабыркаган учурда кесипкөй адамдарга кайрылат. Эрекциянын 90 % калыбына кеотирсе болот.

80% эркектеги импотенциянын физиологиялк себеби организминдеги бакубатсыздыктан пайда болот.


Импотенция (эректилдин дисфункциясы)белги берген оорулар

  1. Алгачкы саптарда психиканын бир калыпта болбой, неврологиялык козголуулар, депрессия турат. Бул учурда эрекция эмоционалдык абалга байланыштуу болот. Айрым учурда толук кандуу жыныстык акт белгилүү шарттарды сактаган учурда гана ишке ашышы мүмкүн. Алсак, эркек белгилүү убакта гана белгилүү өнөктөш менен же мастурбациядан киийн ишке ашат.

  2. Сексуалдык бузулуулардын көп кездешкен себептери – кант диабети, алкоголизм, наркомания, интоксикация, зат алмашуунун бузулушу. Бул ооруларда сезгендирүүчү кыймылдаткычтардагы импульстардын алмашуусу начарлайт жана эрекцияны камсыздоочу рефлектордук жаа жабыркайт.

  3. Травмадан же баш мээ менен жүлүндүн жабыркашы да импотенциянын себеби болушу мүмкүн. Бузулган эрекциянын алгачкы белгиси катары травма, эпилепсия же Паркинсондун оорусу деп билсе болот.

  4. Гормоналдык туруксуздук дагы жыныстык карым-катнашты начарлатат. Көп учурда эркектин жыныстык гормондорунун аздыгынан же аялдын гормондорунан көптүгүнөн болушу мчмкүн.

  5. Атеросклероз, туубаса дефетилер жана сосуддардын оорулары импотенцияга таасирин тийгизет. Бул оорулар кандыннормалдуу айлануусун начарлатат.

  6. Дары-дармектерди көп колдонуу импотенциягв алып келет. Өзгөчө эрекцияга таасирин тийгизген депрессияга каршы колдонулган препараттар, нейролептиктер, транквилизаторлор, гипертонияга ичилчү дарылар жана ашказан секрециясын төмөндөткөн препараттар.

  7. Айрым учурда сезгенүү оорулары, простатит табарсыктын сезгениши импотенцияны пайда кылат. Жалпысынан өнөкөт оорулар, эмоционалдык жана физикалык чарчаңкы абал эркектин алсыздыгын күөтөт.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)