19:32 | 20 октября, 2019

Тагдыр: “Жолдошум балалуу болгонун билген жок…”

“Турмушка чыктым, 5 жыл балалуу боло албай , койдук…”
Тагдыр: “Жолдошум балалуу болгонун билген жок…” фото 2

Турмушка чыгып 5 жыл жашадым. Атамдын каршы болгонуна карабай, жолдошума турмушка чыгам деп үйдөгүлөрдү беймаза кылгам. Ата-энем эл катары той берип узатышты. Кайын журтум деле бизден кем калбай той өткөрүштү. Керектүү нерсенин баарын алып сеп беришти. Эки тарап тирешип, кимден-ким кыйын деп экөөбүздүн бактыбыз тууралуу ойлонбой деле калышты көрүнөт. Күн санап атаандашуу өөрчүй берди. Эки жактын келише албаганына жараша биз да бир бактыдан кем болуп, жыл сайын эмес, ай сайын наристе күтсөк да боюма болбой койду. Бишкектеги мен дарыгер дегендин баарына барып дарыландым. 3 жолу операция болдум.

“Эсим ооп жыгылсам, кайын энем кызыңарды алып кеткиле дептир…”

Улам эле ооруй берип, акыркы ирет катуу жыгылыптырмын. Кайын энем “Биз жооп бере албайбыз, кызыңарды алып кеткиле” – деп, ата-энеме бүт оокатымды жүктөп барып бериптир. Ооруканадан чыккан боюнча кайрылып барган жокмун. Боюна болбойт дей бергендиктенби, айтор жолдошум да кайрылып мени издеген жок. Көпкө күттүм, бирок бир да жолу издеп келген жок. Кудай бардык пендесин бирдей көрөт деген чын беле, айтор ошол эсим ооп жыгылганда дарыгерлер мага кубанычтуу кабар айтышкан. “Сиз кош бойлуусуз, мындай эсиңизди жоготуу сиздин абалда нормалдуу көрүнүш” – деди жылмайган дарыгер. Кубанганымды айтпаңыздар, чындап эле эне боломбу деп көзүмдөн кеткен жаштан айланам көрүнбөйт. Чөнтөк телефонумду алып эле жолдошума сүйүнчүлөйүн десем апам кат жөнөтүптүр. Көрсө мени ооруй берет, төрөй албаган немениң балээсине калбайлы деп бүт септеримди жеткирип берип кетип калышкан экен. Ошол бойдон ичимдеги бакытты атасына айткан жокмун.

“Балалуу болгонун жолдошум билген жок…”

9 ай бою үйдөн чыккан жокмун. 5 жыл зарыгып күткөн баламды башкалардан, көздөн-сөздөн коруп эч жакка баскым келген жок. Айы-күнүм жетип уулдуу болдум. Атам Бакберди деген ысым ыйгарды. Балам төрөлгөнү менин турмушум 100% өзгөрдү, өзүм да өзгөрдүм. Атам дароо 1 бөлмөлүү батир сатып алып, уулум экөөбүзгө белек кылды. Жолдошума сүйүнчүлөгөн жокпуз. Уулум азыр 3 жашка чыгайын деп калды. Жакында бакчага баралы деп камданып жаткан учурубуз. Кудайга шүгүр, эч нерседең кем эмеспиз. Бирок ата-энем турмушка чыгып, жалгыз жүрбөй бактылуу өмүр сүр деп жатышат. Уулум менен эч жакка баргым келбейт. Өлүп тапкан баламды өзүм эле багам деп көгөрүп келе жатам. Атасы болсо үйлөнүп уулдуу болуптур. Ага уулу бар экенин айтуудан тартындым. Бир жолу кайрылып амандыгымды сурабай үйлөнүп алган адамга эмнеге уулуң бар деп айтат элем? Турмушка таптакыр чыккым келбейт, эркек бала менен эч жакка батпасымды билем. Анын үстүнө турмушка чыгып, келин болуп жашагым келбей калды.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)