20:50 | 20 октября, 2019

Тагдыр: "Эски казандын кесепетинен жолдошумдан айрылдым"

Ушул балакеттүү кырсыктардын бардыгы эски казандан болуш керек деп ойлоп калдым. Анткени буга чейин биздин үй-бүлөбүздө бир да жолу жагымсыз мындай окуялар болгон эмес.
Тагдыр: "Эски казандын кесепетинен жолдошумдан айрылдым" фото 2

Жаратканыбыздын көзү түз болсун, биздин үй-бүлөнүн иштери алдыга жүрүп соодадан жакшы эле киреше кирип баштаган. Бул жактан дүңү менен товар алып Казакстанга, Россия тараптардагы «точкаларга» өткөрүп, ошондон пайда түшүрүп турчубуз. Адегенде майда нерселерден баштап жумасына миң сом түшүп турганда «ошого да тобо» деп жашачубуз. Анан уламдан-улам ишибиз алдыга илгерилеп, башка жактан (Россия, Казакстан) кардарларды, жакшы «точкаларды» таап, ошолорго дүңү менен «оптом» өткөрүп, биз менен байланышкан кардарлардын саны күндөн-күнгө көбөйүп бараткан.

Тыным жок үйгө да түнөбөй калганбыз, анткени киреше жакшы түшө баштаган. Кудайыма тобо кылам, үй ичиндеги оокаттарыбызды жакшыртып, жаңыртып алдык. Анан жеңил машинелүү болдук, андан соң эски үйүбүздүн жанына эки кабат кылып үй салып үлгүрдүк. Канчалык чуркап иштеген сайын ишибиз да илгерилеп, соодабыз жакшы жүрүп, күнүмдүк жашообуз да өз нугу менен өтүп жатты. Өзүбүз менен өзүбүз болуп башкаларга кедерги, тоскоолдук деле жасаган жокпуз. Бизге жамандык каалаган, көрө албаган адамдар деле болгон эмес. Анан күтүлбөгөн кырсыктардын бардыгы ушул эски казандан болдубу деп ойлоп коём. Аны сатып алганга чейин иштерибиз жакшы эле жүрүп жатпады беле.

Казакстандан товарларымды өткөрүп, соода кылып жаңы эле кайтып келгем. Жаңы товар издеп базарда жүргөм, анан эле базардын сыртында майда-барат соода жасап, эски-уску буюмдарын сатып жаткан уйгур чалга алаксый түштүм бир азга. Анын алдында эски тамак бышырган казан туруптур. Анча чоң да эмес, кичине да эмес, үйгө көбүрөөк конок келгенде жеңил тамак бышырганга ылайыктуу экен. Үйдө ушундай казандын жоктугунан чоң мискейге тамак жасачубуз, көп келген конокко. Ушундай казан болсо деп ичимден ойлоп, кыялданып койчумун. Ошол дал эле мен ойлогон казан алиги уйгур чалдын алдында турат. Шашып бараткам, ошентсе да ага бир аз аярлай казандын баасын сурап калдым. Ал ушуну эле күтүп тургансып, мага чап кенедей жабышты да калды.

-Сатып ал, эски болсо да жепжеңил сонун казан. Ичинде мунун пайдасы тийет. Жакшы, сапаттуу казан алып ал, тигил жактагы кытай казандарына караганда он эсе сонун. Аябай бышык, чыдамдуу, сапаттуу. Керек болсо цементке, ташка таштасаң да сынбайт. Ал эми тигил кытай казандары аябай морт, сапатсыз келет. Бир жыл өтпөй эле өздөрү сынып, талкаланып калат. Сатып ал өкүнбөйсүз, — алиги уйгур чал тили тилине тийбей тим эле өз буюмун жерге-сууга тийгизбей мактап мени көндүрүүгө аракет кылып жатты. Мен дагы ага кызыгып ары-бери жагын кармалап турдум. Чын эле дал эле мен ойлогондой казан экен, анын үстүнө арзан сурап жатат. Көп ойлонбостон «ме мейличи» деп дароо чөнтөгүмдөн тутамдалган акчамды алып чыгып санап берип, анын колуна карматтым. Ал колумдагы тутамдалган акчаны кызыга карап, өзүнчө жылмая бир нерселерди сүйлөнүп жатты. Мен ага көп акчамды көрсөтүп мактанайын деген деле эмесмин. Тек гана ойлонбостуктан болду окшойт, дегеле ошончолук бирөөлөрдүн көзүнө көрсөтүп кызыктырбаш керек. Казанды көтөрүп машинеме алып барып салдым да үйгө алып келдим. Аны үйдөгүлөрдүн бардыгы жактырышкан жок.

-Бул эски казанды эмне алып келдиң? Карачы эскилигин, муну деген бычак наждак менен аябай кырып тазалаш керек. Эски буюмдарды алба деп мен канча айтам!

Ошентип алардын жемесин кулагымдын сыртынан кетирип казанды болушунча кырып жууп, тазалап кирдим. Анан аны колдоно баштадык. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин машинеден авария болуп үй-бүлөбүз менен кырсыктадык.

Акырындап соодабыздын баары тетирлеп, ишибиз жүрүшпөй баштады. Катуу жаанда үйүбүздү кыян каптап чоң жарака кетти. Аны бузмайынча оңдоого жарабайт экен. «Мунун баары ушул казандан» деп жүрүп жолдошум өзү дагы каза болуп калды. Банкрот болуу коркунучу жакындап үй буюмдарынын бардыгын сатууга туура келди. Ошондон кийин гана алиги казандын көзүн курутууну туура көрдүм. Алыс алып барып көмүп салдым. Акырындап отуруп кайрадан мурунку нукка түштүк. Үйүбүздү оңдоп кайра салдык. Кайрадан жаңы машине сатып алдык жана үй оокаттарын калыбына келтирдик. Ошол казанды жоготкондон кийин гана ишибиз кайрадан жүрүшө баштады. Ушул жамандыктардын бардыгын өзү менен кошо коштоп жүргөн ушул казанданбы деп ойлоп калдым. Бул ширк болсо Жаратканыбыз өзү кечирсин!

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)