02:44 | 24 августа, 2019

Тагдыр: Атам менен аялымдын азабын тарттым

Биздин бүгүнкү каарманыбыздын тагдыры да абдан кейиштүү экен. Үй-бүлөлүк маселеге байланыштуу өзүнүн атасы менен келинчегинин ортосунда чайналып, кийинки учурда ойлонуп жатып оорукчан болуп калганына өз көзүбүз менен күбө болдук.
Тагдыр: Атам менен аялымдын азабын тарттым фото 2

“Акыры менин түбүмө атам менен келинчегим жеткени калды окшойт” – деп ачык айтып, сөзүн жыйынтыктаган Тилек мырзанын бул баянын жарыялап коюуну туура көрдүк.


—Былтыр шаардын четиндеги жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып 4 бөлмөлүү үй курган элек. Ачыгын айтканда үйлүү болушубузга атам жардам берген. Бирок ал киши менен бала кезден эле мамилем начар болчу. Анткени ал мага мен чоң атамдын колунда өсүп калгандыктан өгөй кишидей мамиле жасачу. Бул адатын бүгүнкү күндө жашы 70ке келип калса да таштаган жок. А менин жашым болсо 40тан өтүп калды. Ойлоп көрсөм экөөбүз ушул убакка чейин ата-бала катары бир да жолу сырдашпаптырбыз. Кандай гана өкүнүчтүү… Мейли ал го өткөн чак дейин десем, мен үчүн жасаган эмгегин милдет кылганы аз келгенсип, эми кычаштык кылып үй толук бүтө электе атайын чыр чыгарымыш болуп үйдүн кызыл китебин айылга алып кетип калды. Үй болсо менин атыма катталган эле да. Көрсө, анын ою боюнча келинчегим экөөбүз документти күрөөгө коюп банктан насыя акча алат имишпиз. Биз банктын акчасына муктаж болгон адамдардан эмеспиз. Экөөбүз тең жогорку билимдүүбүз. Кудайга шүгүр, алган айлыгыбыз тирилигибизге кеңири жетет. Ошонун баарын билген атамдын мындай кордугуна чыдай албаган келинчегим бир күнү:


– Кызык адам го?.. Сен улуу баласы болсоң сага эмнеге мындай мамиле жасайт? Бизге айыл өкмөттөн керектүү справкаларды алганга үйдүн документи керек да. Телефон чалып сурабайсыңбы?! – деди атамдын жоругуна нааразы болуп.


Буга чейин нервим кайнап ызаланып тургандыктан ачуумду тыя албай:


– Үйдүн документин ошондон ары көрүнө ала жатсын! Өлсө мен ага топурак салбайм! – дедим ачыгын айтып.


Менин минтип калчылдап, өзүмдү жаман сезип жатканымды көргөн келинчегим ошол замат алдап-соолап сөздүн нугун башкага бурду. Бирок биздин көйгөйүбүзгө айланган бул маселе чечилбегендиктен келинчегим экөөбүздүн мамилебиз улам сууп бара жатканын байкай баштадым. Ошондо ага:


– Бул үй бизге буюрбайт окшойт… Андан көрө батирге эле чыгып кетеличи. Буга кандай дейсиң? – десем ал ыйлагысы келип:


– Сенин эмгегиң талаага кетеби? Ушул үйдүн кирпичин күндүн ысыгында кыйналып өзүң куйбадың беле?! Эч кандай батирге чыкпайбыз…


Ал сөзүнүн аягына чыкпай мени өзүнчө калтырып сыртка чыгып кетти. Байкушум менден чечкиндүүлүктү күтсө керек. Келинчегимдин айткан сөзүн бир жагынан туура көрдүм. Анткени бул үйдүн салынышына ал дагы чоң эмгек кылган эле. Андыктан бир топко чейин ойлондум да аны чакырып:


– Деги сен айтчы, эми эмне кылышым керек? – дедим кеңеш сурап.

Баятан бери ага ушул сөзүм жетишпей жатса керек. Мага сөөмөйүн кезеп:


– Мына, эсине келет деген ушу. Эмесе кеп мындай. Мени менен жашабайсың, же үйдүн документин тез арада атаңдан алып келесиң. Экөөнүн бирөөсүн танда, – деди көзүмө тике карап айламды кетирип.


– Макул. Ойлонуп көрөйүн, – деп эптеп оозумду кыбыраттым.


Келинчегимден ажырагым келбегендиктен акыры атам менен байланышмай болдум. Бирок анын мага жасаган орой мамилелерин эстегенде телефон чалуудан баш тарттым. Муну билген келинчегим менин өз алдынча маселе чече албаган чечкинсиз, бирөөгө көз каранды бечара адам экенимди айтып намысыма катуу тийди. Анын уу тилине чыдай албай үйдөн биротоло чыгып кетеримде, ал мындай кордуктун айынан керек болсо өзүнүн жанын кыйып коёрун айтканда өзүмдү кармап, эсиме келдим. Бизди кемсинткен атама эрегишип сотко бере турган болгонумда келинчегим тыйып:


– “Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба”- деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Анда баарыбыз элге шерменде болобуз. Атаңдын эл караган бети жер карап калат. Биз бул маселени башкача жол менен чечебиз, – деп бир аз жооткотумуш болду.


А мен эч ойлонбостон:


– Анда психологго барып кеңеш сурайынбы, – десем колун шилтеп:


– Психологдун бул жерде эмне кереги бар? Андан көрө “үйдүн документи жоголуп кетти” деп жаңы документ жасатып алабыз, – деп мени күтүүсүздөн жарга такады.


Андай кадамга барбасымды айтсам келинчегим менден биротоло кол үзөрүн, жакын арада үйдөн чыгып кетээрин ачык эле билдирип кыжалат кыла баштады. Учурда ойлонуп жатып оорукчан да болуп калдым. “Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” болуп азыр араң эле жүрөм. Акыры менин түбүмө атам менен келинчегим жеткени калды окшойт…


Булак: «Багыт»

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)