20:31 | 20 октября, 2019

Сүйүү биздин байлыгыбыз!

Түмѳнбай Колдошевдин “Сүйүү биздин байлыгыбыз” деп аталган ырын кыңылдап ырдап жүргѳнүмѳ эки айдай болду. Абдан жакшы ыр экен.
Сүйүү биздин байлыгыбыз! фото 2

Бул ыр мага экѳѳбүз тууралуу баяндалып жаткандай таасир калтырды. Жакшысы, экѳѳбүз биргебиз, бир чатырдын алдындабыз. Баарын башынан эстѳѳ мага ырахат болду. Биздин ѳткѳн чак бекер кетпептир. Ар бир ирмем кѳз алдыма тасмадай тартылат.


Биз эч нерсебиз жок күнү табыштык. Ооба, чын эле эч нерсебиз жок болчу. Керек болсо элдикиндей арка-бел болуп акыбалыбызды сурап турар ата-эне, бир туугандарыбыз да жок абалда тааныштык. Достук мамилебиз жылуу уланды. Сыягы, экѳѳбүз ошол кезде эле бири-бирибизге энчиленчү адамдар экенибизди сезсек керек. Мен сенин сабактарыңа жардам кылам, сен мени иштен кечигип келген күндѳрүмдѳ жатакананын оозун тоскон ачуулуу эжелерге уруштурбай, абалды жайгарып алып кирип кетесиң. Ушинтип айылдарыбыздан ала келген балалык баёолук менен шаардан тапкан жаштыктын жалындуу илебине оролгон, жасалмасыз жакшы күндѳрүбүз башталды.

Сени тумар тутуп жашоого кандайча киришип кеткенимди ѳзүм да анчейин аңдабай калдым. Менин эң кымбат адамыма айландың. Ар бир кадамымда сени ойлоп жашоого бат эле кѳнүп кеттим. Башкысы, жатаканадагы ээнсиреген жашоомдо сенин пайда болушуң мага зор табылга болду. Кубансам сени менен бѳлүшѳм, кайгырсам сага айтып жеңилдейм, чарчасам сени эстеп эс алам, корксом сага таянып кубаттанам, керек болсо колумдан келеринен күмѳн санаган иштерди жасоодо ѳзүмѳ эмес, сага болгон ишеним менен аны колго алам. Ал эле эмес, ачка болсом сени да курсагы ачты бекен деп ойлоп санааркап, жакшы тамак ичсем сенсиз кекиртегимден ѳтпѳй калчу болду. Сен мени мына ушундай кылып ѳзгѳрттүң. Айтор, бүтүндѳй жашоом болуп кеттиң. Бул үчүн эч качан кейиген эмесмин, азыр да сен деп жашаган ал күндѳр үчүн кымындай да капачылыгым жок. Мен баарына ыраазымын.

Ичимди тыз эттирген бир ой бар. Минтип сага эрте жашымда берилип, жашоомо ата мээримин кѳрбѳгѳнүм себеп болгон окшойт. Атасынан эрте ажырап атасыз ѳскѳн же атасы бар туруп деле атанын мээримин кѳрбѳй чоңойгон кыздар башкалардан мээрим издеп калат деп жазылыптыр. Ушул чын болсо, анда мен сени сүйбѳй эле сенин мээримиңе тартылган турбаймынбы. Сен чын эле мээримге абдан байсың. Эркек адамды мээримдүү деп айтуу бир аз башкачараак угулат экен. Бирок бул сѳз сага абдан жарашат.

А мен сага эмне бере алдым? Сен менин эмнеме ашык болдуң? Сен дагы мээрим издедиңби? Менимче, мендеги аруу сулуулукту, шайыр жаштыкты, элжиреткен эркеликти, кайгыңды кубалаган тамашакѳйлүктү басып ѳтүп, жүрѳк түпкүрүнѳн сени арбаган нерсе да ушул мээрим болду окшойт. Ата-энеден бир заматта ажырап калган бала күнүңдү ойлосом азыр да кѳзүмѳ жаш толот. Сен мээримге менден да ачка, менден да зар болгон чыгарсың. Балалыкты баладай ѳткѳрбѳй башкача ойлонуп чоңойгонуңду айтып берген ар бир сѳзүңдѳн байкап турам. Турмушту эрте ойлонуп, эрте тааныганың экѳѳбүздүн табылгабыз болду акыры. Ошол үчүн сен башкалардай шоктонуп же сугалактанып менин дүйнѳмѳ суук кол салбастан баарына аяр мамиле кылып, мени аялуу карадың. Мына, дал ушул аялган мамиле бизди бириктирип кетиптир.

Башкалар муну кайдан билишсин. Сага ким эмне дегенин да билбейм, бирок мага ачыктан-ачык эле ар түрдүү ойлорун айткандар болду. Бир күнү бѳлмѳдѳгү сулуу эже: «Сен эмне үчүн ал бала менен кѳп сүйлѳшүп калдың. Анын кебетеси анча деле эмес го. Сен болсо татынакайсың»,- деди мага кам кѳргѳн үн менен, «Сен азыр 1-курсту да бүтѳ элексиң. Ѳзүң дагы кичине шаардык болуп жүрүүнү үйрѳнѳ берсең, мындан сонун жигиттер табылат»,- дебеспи. Унчукпай угуп койдум. Ичимден «мындан сонун жигит жок» дедим. Жаңылбаптырмын, мен чын эле сенден сонунду кѳргѳн жокмун. Биз бүтүрүүчү курс болгон жылы кѳп кыздар шашыла турмушка чыгып кетишти. Группалаш кыздардын турмуш куруу тууралуу сѳзү бүтпѳй калды. Адаттагыдай дагы бир маекте байдын кызы Зарина мага: «Сен болсо тиги жатаканада жашаган жигитиңе тиесиң да, ээ?»- деп сурады да, топ жара каткырып алды. Анын шылдың күлкүсү түбѳлүк эсимде калды. Ал эми теңсинбеген суроосу менин сезимимди дагы бир кадамга бийиктеткен эле. «Ооба, буюрса, ошого тием» дегем мен да үнүмдү бекем чыгарып. Кээде адамдардын эң туура деп тапкан акылдуу ойлору кимдир-бирѳѳнүн кѳңүлүн сындырып, маанайын бузуп кетет тура. Айланамдагы адамдардан мындай «акылдуу кептерди» бир топ уктум. Бирок бирѳѳ да менин сага деген сезимимди мокото алган жок. Тескерисинче, андай кептерди уккан сайын экѳѳбүздүн мамилени талдап, кайсыны туура, кайсыны туура эмес жасап жатканыбызга ой калчап, элге уят болбой жакшы бурулушка жетсек экен деп тиленип, сезимимди туруктуулукта курчутуп бараттым. Демек, бүгүн аларга рахмат айтышым керек.

Мен сага, биздин мамилеге ушинтип ойлонуп, арасында кыжалаттык менен күмѳн саноолорду күч менен тыйып кам кѳрдүм. Акыры биз үчүн бакыт жанарына ишенгим келип гана ишенсем, сен кымындай да күмѳн санабай, шек кылбай туруп ишенип, ойлонбой туруп анын бекем жана жемиштүү болушу үчүн кадам таштачусуң. Бул сенин сезимиңдин күчү беле же акылдуу эркектин баары эле ушундай кылат беле, мен азыр да ажырата албайм. Бир билгеним – сен сүйүүң үчүн баарына даярсың, баарын кыласың, анын эртеңине терең ишенип кам кѳрүп келесиң. Мен сени ушунуң үчүн сүйѳм.

Бактыбызга баш кошуу жазылыптыр. Бул үчүн ар убак Кудайга ыраазымын. Той болду, тойдун эртеси да болду. Экѳѳбүз эки баштык менен алдын ала камдап койгон батирибизге келдик. Батир ичинде кичинекей муздаткычтан башка эч нерсе жок эле. Жаңы ордубуздагы жаңы жашообуздун башталышы азыр да кѳз алдымда. Жайдак үйдү карап кожоюн катары кыжалаттана түштүң окшойт:
— Мм, кандай кылсак? Нан алып келейин, ээ? Чай ичели,- дедиң.
— Ийи, тандыр ырас жаныбызда экен.
— Ооба. Сен ойлонбо, ээ, баары болот. Бул үйдү толтурабыз. Баары болот,- кайталап айтып мени ынандырганга шашып кеттиң. Анан нан алып келүүгѳ чыктың. Азыр ойлой берем, биздин маек башка эмес, нан тууралуу башталганы кандай жакшы болгон, ээ? Ошол үчүн жашообуз бат эле берекелүү уланып кеткендей сезилет мага. Анан экѳѳбүз ысык нан менен карандай чай ичтик. Эртеси таттууну жакшы кѳргѳн жаным шекер алып келдим, сен нанга сүртүп жегенге деп май ала келиптирсиң. Наристелүү болгон соң карандай эмес, сүт чай ичүүгѳ ѳттүк. Дасторконубуз мына ушинтип байып келатты.
«Нике ысык болот», «Чыныгы сүйүү никеден кийин башталат» дегеп кептер ырас экен. Турмуш курган соң мен бир чоң нерсени байкадым. Кыз-жигит кезибизде бизде бир сынашуу маал-маалы менен пайда боло калып турчу. Бири-бирибиздин сезимдерибиздин деңгээлин кандайдыр бир белгисиз чен ѳлчѳм менен ченегибиз келе берчү. «Минтсем кантер экен, мындай десем кандай деп жооп берер экен?..» жана башка. Ал эми никеден кийинки жашоодо ал сынашуу сезими дароо баалоо деген нерсеге ѳтүп кетти. Жумуштан кечиксең тынчым кетет. Чарчаган чыгар деп санааркайм. Канча тапса да мейличи, деги кырсыктан тыш болуп, кѳңүлү эч нерседен оорубай келсе экен дейм. А мурда «күйѳѳ деген жакшы акча табышы керек да, тапсын» деп сындачумун. Айтор, бир бүтүнгѳ айланган үй-бүлѳлүк жашоо биздин бактыбызды байытып, сезимдерибиздин бийигин дагы бийиктетти, тереңдетти, кеңейтти.

Ооба, биздин жашоо баштаганыбызга саналуу гана жылдар болду. Биз жана биздин сүйүүбүз алдыда дагы кѳп жылдарды басышы керек. Ылайым кѳп жылдарга жетсек экен. Аз дегенибиз менен ошол аздын ичинде бир топ сыноого учурадык. Батир издеп, ишсиз калган күндѳр эч нерсе эмес, маңдай терибиз, кызылдай мээнетибиз менен таап чогулткан акчабызды алдаттык, уурдаттык, мындан да жаманы, жүрѳк дабышын угуп, кыймылын сезип калган наристебизди жоготтук. Кѳзүбүздѳн жаш, жүрѳгүбүздѳн кан акты. Ошол оор күндѳрдѳ да биз сүйүүбүзгѳ доо кетирген жокпуз, анын күчүн, илебин, бийиктигин мурда кандай болсо ошондой сактадык. Аз жылдар бизге кѳп нерселерди, эң негизги нерселерди үйрѳттү. Мен сени, сен мени кайсы жерден колдоп, кайсы жерден тилдеш керектигин, кайсы маалда кулач жайып, кайсы маалда тизгин тартып иш кылуу зарыл экенин, сабырды кантип бекемдеп, кайгыны кантип жекелеп кууш керектигин үйрѳндүк.

Биз дагы деле баягы батирде жашайбыз. Батир андагыдай жайдак анан муздак эмес. Бир кезде ѳзүң айткандай биз чын эле анын ичин толтурдук. Эмерекке эмес, сезимдерге, дүнүйѳгѳ эмес, күлкүлѳргѳ толтурдук. Биз абдан байбыз. Жайган дасторконум байлардыкына окшошпосо дагы жаркылдаган кабагым байдын суз аялынын кабагынан артык. Сен мени жер кыдыртпасаң дагы кѳңүлүмдү бир да жолу сындырган жоксуң, мага мына ушул артык. Сен мага эшиктен жүз роза кѳтѳрүп келген жоксуң, бирок үй-бүлѳңѳ болгон чексиз сүйүүң менен үзүлѳ түшүп кам кѳрүп, ар күнү мага нан, кыздарыңа сүт алып келесиң. Мунун баары сүйүү, биз ушундай сүйүүгѳ байбыз. Сүйүү биздин байлыгыбыз.

Кудай бизге ушундай сүйүү бергенине ыраазымын, ылайым бул байлыгыбызды бар кылсын, бек кылсын.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)