20:45 | 20 октября, 2019

БОЛГОН ОКУЯ: "Наристенин каалоосу..."

Турмушка чыккандан баштап ушул жылдар ичинде кандай гана азаптарды башымдан өткөрбөдүм дейсиң. Күйөөм "төрөбөйсүң" деп мени күнөөлөп таптакыр эле күн көргөзчү эмес.
БОЛГОН ОКУЯ: "Наристенин каалоосу..." фото 2

Мен дагы өзүмдү күнөөлүү сезип унчуга алчу эмесмин. Ушул жыл аралыгында эки жолу кабыргамды сындырды. Башымды жарды, бутумду талкалады. Эки күндүн биринде ооруканада жатып, төркүнүмө кетип калып, ал кечирим сурап кайра мени алып кетип, айтор, ушинтип жашоомду өткөрүп келдим. Муну эч кимге билгизчү эмесмин. Кийинчерээк экөөбүз тең ооруканага врачтарга кайрылдык. Төрөбөгөн менден эмес күйөөмдөн экен. Жаш кезинде аябай тентек болгондуктан, балдар менен урушуп, мушташа кетип жумурткасына катуу тээп салышыптыр. Бирок баары бир өзүндө күнөө экенин билбей, «төрөбейсүң» деп мага эле асылып күнөө жаай берчү. Жада калса кайненем баш болуп бүт кайындарым мени жек көрүшүп, тим эле кулдай жумшашчу.

Мен бардыгына чыдап, төркүнүмө эч нерсе айтчу эмесмин. Акыркы жолу күйөөм мас болуп келип мени катуу сабап, ооруканага эки айдай жатып араң дегенде айыгып чыктым. Ошондон кийин андан таптакыр көңүлүм калып ажырашып өз үйүмө кетип калдым. Бирок аны аябай жакшы көргөндүктөн ушунча жыл чыдап келбедимби.

Менден ажырашаары менен эле күйөөм башка бир жаш кызга үйлөнүп алды. Бир жагынан ыза болдум, экинчи жагынан «мейли эми өзүнүн бактысын өзү тапсын, балким, аны менен бактылуу жашаар» деп ичимден ага жакшылык каалап койдум. Ал казак болчу, Жамбыл (азыркы Тараз) облустуна караштуу Мерке ооданында Кыргызстанга чектеш Нововоскресеновка деген айылда жашачу. Мен болсо анын бери жагында Чалдоварда турчумун. Ошентип өзүмдүн Кыргызстаныма кетип калдым. Адегенде ата-энеме, төркүнөдрүмө келип жашап жүрдүм. Анан Бишкекке калаага кетип калдым да ошол жакта жумушка орношуп, жатаканага жатып иштеп баштадым. Бардык нерсени унутуп, күнүмдүк жашоо менен алпурушуп, көпчүлүккө аралашкым келди.

Ошондой күндөрдүн биринде бир жигит менен таанышып калдым. Кимден укканы белгисиз ал менин өткөн турмушумду сыртымдан билет экен, ошон үчүн ушул отурушка атайын экөөбүздү жолугуштурганы чакырышыптыр. Жылдызыбыз келише түштүбү, айтор бири-бирибизди алыстаткан жокпуз. Бери жакта өзүбүзчө сүйлөшүп отурганда анын үч баласы бар экенин билдим. Аялы авариядан каза болуп калыптыр. Көпкө сырдаштык, бизге эч ким тоскоол болгон жок. Ошондон кийин да эки-үч жолу сүйлөштүк. Бир күнү таанышыбыз дагы бир жолу баласынын тоюна мени чакырып калды. Ал жигит да бар экен, мени сыйлап жанымдан чыккан жок. Ошондо ал күтүлбөгөн жерден үйлөнүү тууралуу сунушун айтып жатпайбы. Анын бул сунушуна мен деле анча чочулаган же жаман кабыл алган жокмун, болгону гана «ойлонуп көрөйүн» дедим.

Жатаканага келип эч ким менен деле кеңешкен жокмун. «Мейли чыкса чыга берейин, үч баласы бар экен, балдарына деле убал. Жетим кылбай эне болуп берейин. Өзүм төрөбөгөндөн кийин башка бирөөнүкү болсо да өз баламдай кылып багып, тарбиялайын» деп ушундай чечимге келдим. Биздин үйлөнүү тоюбуз деле болгон жок, тек гана бир-эки тели-теңтуштарын чакырды. Ошону менен үйлөнүп алдык. Эки жашка чыгып калган кызы бар экен, мен барганда эле мага боор тартып, «апа» деп жабышты да калды. Мындай сөздү өмүрү укпаган жаным, «апа» дегенге жетине албай мен дагы өз канымдан чыккан кызымдай аны жакшы көрүп калдым. Чындыгында үч баласынын бирин дагы өгөйлөгөн жокмун, өз жатынымдан чыккан балдарымдай эле мамиле жасадым. Эң кичүүсүнүн жыгылып бир жери ооруп ыйлап калса тим эле боор этим сыздап кетчү. Ал дагы менин алдыма отуруп алып эркелегенде «бул жакта ляля бар» деп сөөмөйү менен сайып ичимди көргөзө берчү. «Эх Жаратканым, мунун тилеги орундалып ичимде бала болуп калса эмне» деп Жараткандан аябай суранчумун. Акыры Жаратканымдын көңүлү түз болду. Бир күнү тамак иче албай жүрөгүм айланып жүргөнүмөн врачка барсам боюмда бар экен. Өзүмдү өзүм уккан кулагыма ишенбей кандайча көзүмө жаш алып кеткенимди билбей калыптырмын. Тим эле катуу кубанганымдан ыйлап да алдым. Убагым жеткенде аман-эсен көз жарып кыз төрөп алдым. Эки жыл өткөндөн кийин дагы бир эркек бала төрөп бердим.
Ошондон кийин тигилердин эң кичүү кызын мурункудан да жакшы көрүп калдым. Өз канымдан чыккан кыз менен тигил экөөнү эч өгөйлөбөйм. Ушул убакытка чейин эле элден кем калбай бактылуу жашап келатабыз. Жакшылык деген эч убакта жерде калбайт экен. Кудай Таалам унутпайт экен андайларды. Көпчүлүккө айтар элем, ишим оңолсун десеңер бирөөлөргө колуңардан келсе жакшылыгыңарды эч аябагыла.


©НазарНьюс

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)