21:26 | 24 июня, 2019

Жалкоолуктан кантип кутулуп, ишке киришсе болот?

Жалкоолуктан арылуу деген суроо – шашылыш маселедей туюндурат. Бир нерседен арылуудан мурда, эмнеден экенин түшүнүп алуу керек.

Эгерде биздин бир жерибиз ооруса, эмне себептен ооруп жатканын аныктайбыз же болбосо дароо дарыгерге чуркайбыз. Ал эми бизди жалкоолук арбап алганда, дайым эле аны түшүнө бербейбиз. Жада калса, коюлган диагноз жалкоолук экенин билсек дагы аны моюнга алгыбыз келбейт.


Адабиятта, улуттук фольклордо, динде жалкоолук маселесине арналган бир топ маалымат бар. Жалкоолук кылымдар бою коркунучтуу кемтик, күнөө жана баардык жаманчылыктын себеби катары каралып келген. Аны менен күрөшүү коллектив менен бирге жүргүзүлгөн. Мамлекет, мектеп, институт жана башка социалдык биримдиктердин деңгээлинде ишке ашып келген. Кандай аракет кылган күндө дагы айрым адамдардын жүрөгүнөн жалкоолук баарыбир орун таап алат.


Жалкоолук менен күрөшүүнү аны түп тамыры менен жок кылууга аракеттенүүдөн башташ керек. Анын отоо чөптөрү өркүндөп кеткиче тамырын жок кылуу кеңештелет.


Жалкоолуктун «негиздерин» аныктоо


Жалкоолук — кеселдиктин бир тууганы. Кесел – белгилүү бир иш аракеттин, кызыгуунун жоктугунан айланадан тажоо (Ожегованын сөздүгүнөн) Жалкоолук – ишсиздикке басым жасоо, эмгектенүүдөн, кыймыл жасоодон качуу (Ожегованын сөздүгүнөн)


Жогорудагы мүнөздөмөдөн жан дүйнөнүн айланага карата кайдыгер мамиледе болуусун түшүнсөк болот.

Айланага жана өзүнө болгон кайдыгерчилик мамиле кылуу менен кызыгуунун жоктугунан жалкоолук иштелип чыгат. Ал абсолюттук ишсиздик менен коштолот.


Жалкоолуктун критерийлери:


1. Ойдун логикалык формадагы агымынын байланышынын жоктугу. Башкача айтканда “бош мээнин” абалы. Окумуштуулардын айтуусунда адам дайыма ойлонуп жүрөт, жада калса уктап жатып да ойлонот дешет. Адамдын ою бир саамга да токтобостон иштей берет. Ага карабастан, байкасаңыз кээ бир учурларда бир нерсени ойлонуп жаткандай болобуз, бирок эмнени ойлонуп жатканыбызды так биле албаган учурларыбыз бар. Муну байланышы жок ойдун агымы деп айтышат.


2. «Кийин жасап коем” деген максат менен ишти четке коюу. Али убакыт бар, бүгүн болбосо эртең бүтүрөм деген ой ар бирибизге келет жана аны өзүбүз да жакшы байкайбыз.


3. Алсыздык жана көңүлү чөккөндөгү абал. Ден – соолугуңуз чын болуп туруп жан дүйнөңүздүн чарчаңкы акыбалына обьективдүү себеп таппай жатсаңыз – бул жалкоолуктун белгиси.


4. «Керексиз иш менен алектенүү». Маанилүү бир ишти аткарыш керек болуп турганда, бир нерсе тоскоол болгон учурлар болот. Эмне тоскоол болушу мүмкүн? Маанисиз, керексиз иш менен алектенүү, тактап айтканда эч нерсе менен алектенбөө. Жалкоолук антилопаны жутуп жаткан анаконда сымал.


Жалкоолукту «Тамыры менен жок кылуу»


Жалкоолук менен күрөшүүнү жомоктор, ырлар, ар түрдүү чакырыктарды колдонуу менен коллективдик деңгээлде эмес, өз ара, каалоо менен күрөшүү зарыл экенин эсиңизге тутуп алыңыз. Ар түрдүү чакырыктарды колдонуу менен жалкоо адамды ишке тарта албайсың. Пилдикиндей “калың териси барларга” өзгөчө ыкма керектелет.


Индивидуалдуу мотивация аркылуу жалкоолуктан эффективдүү арылса болот. Жалкоолуктун негизги белгилерин байкарыңыз менен баардык тараптан даярданып туруңуз. Кимде ким маалымат менен камсыз болгон болсо, ал абалды да кол астына алат.


Жалкоолук менен күрөшүү стратегиялык жактан төмөнкүдөй жүргүзөлөт:


1. «Мен эмнени ойлонуп жатам» деп, өзүңүзгө суроо бериңиз. Эгерде 2-3 саамдын аралыгында берген сурооңузга жооп таба албасаңыз, бул мааниси жок ойлонууну токтотуңуз. Маниловтор (Гогольдун «Мертвые души» чыгармасындагы кыялкеч каарман») сыяктуу көпүрө курганыңызы токтотуп, асмандан жерге түшүңүз.


2. Баардык ишти дароо бүтүрүүгө аракет кылып, аны эреже катары сактап алыңыз. Бул адатты жоюш үчүн «Эки күн кийинки жасалчу ишти эртеңкиге калтырба» деп айтылган жакшы фраза бар. Анан жасармын деп жыйыштырып койгон ишиңизди дароо бүтүрбөсөңүз, кийин кайра кайтып келип, жасоо алда канча кыйын экенин эстетип коеюн. Бул адамдын негизи – тактап айтканда жалкоолугу.


3. Күтүүсүздөн алсыздык, кыжырлануу пайда болсо, ден-соолуктун акыбалын текшертип көрүү зарыл. Дене табы, кан басымы жайында болуп, жада калса гемоглобин дагы нормада болсо, кеселдиктин келип калган учуру экенин байкаса болот. Бул учурда эч нерсе жасабастан, жөн гана уктап жатканга не жетсин. Физика илиминин көз карашында ар бир дене энергияны аз сарптаган ишти жасоого аракет кылат. Адам баласы бош жаткан кезде энергиянын сарпталуусу минималдуу болот. Бул акыбалдын көпкө узашы кооптуу. Андан чыгып кетүү кирүүдөн да татаал. Эгерде бир саатча жатып эс алууну кааласаңыз, бир саамга да ашык эмес бир гана саат болушун контролдоп туруңуз.


4. «Пайдасыз иш менен алектенүү», түңүлгөн жалкоо адам гана маанилүү, жыйыштырып коюга мүмкүн эмес иш турганда, башка анча пайдасы жок иш менен алектенип жүрүп алат. Баардык эркиңизди алаканга чогултуп, ашыкчанын баарын жок кылып, ишке киришиңиз.


Жогорудагы жалкоолуктан арылуу боюнча келтирилген стратегиялык сунуштарды бириктирсек, ички индивидуалдык мотивацияны өнүктүрүүгө багытталганын байкасак болот. Адам өзүн жеңмейинче, эч качан адамзаттын жалкоолугун жеңе албайт! Бул күрөшкө олуттуу мамиле кылуу зарыл. Адамдын жашоосундагы баардык ийгиликсиздердин (жетишпегендик, карьеранын, акчанын жоктугу) негизги себеби – жалкоолук экенин унутпаш керек.

Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)
Мисвактын пайдасы
2019-04-11 15:12:00