21:14 | 24 июня, 2019

Жай мезгилинде тамакка ууланбаш үчүн бул эрежелерди сактаңыз

Жай мезгилиндеги аптаптуу ысыкта калк арасында тамак-ашка уулануу жана ичеги-карын ооруларына чалдыгуу күчөй баштайт. Өзгөчө бул көрүнүш 14 жашка чейинки жаш балдар арасында көп катталат.
Жай мезгилинде тамакка ууланбаш үчүн бул эрежелерди сактаңыз фото 2

Аталган ооруларды алдын-алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү департаменти төмөнкү эрежелерди сунуштайт:

  • Өздүк гигиенаны туура сактоо, тез-тезден колду жууп туруу зарыл
  • Дааратканага баргандан кийин жана тамак ичээр алдында сөзсүз колду тазалап жуу керек
  • Жаш балдарды үйгө эшиктен киргенден кийин, айбанаттар менен ойногондон кийин сөзсүз колдорун таза жууганга үйрөтүп, көндүрүңүздөр.
  • Өзгөчө этти, тоок этин жакшы жылытканга аракет кылыңыздар. Ашканаңыздарды таза кармаңыздар. Даяр жана чийки азыктарды өз-өзүнчө сактаңыздар. Даяр тамак-ашты эки сааттан ашык калтырбастан, муздаткычка салыңыздар. Алдын-ала тамак жасап койбоңуздар.
  • Мөмө жана жер-жемиштерди колдонуудан мурун таза жууп жеңиздер.
  • Көчөдө колго жасалган азыктарды сатып албаңыздар.
  • Жай мезгилинде таза сууну көп ичиңиздер. Үйүңүздөн таза суу чыкпаса, атайын бойлерден же кайнатылган сууну ичиңиздер. Мөмө жана жер-жемиштерди, идиш-аякты жууганга кайнатылган сууну колдонуңуздар.
  • Дүкөндөн же базардан азыктарды алып жатканда, сапатына, сактоо мөөнөтүнө, шартына көңүл буруңуздар.
  • Үйдөгү курт-кумурска, чымын жана башка инфекция алып жүрүүчү чымын-чиркейлерден коргонуңуздар.

Эгерде тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, адистерге кайрылыңыздар.



Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)
Мисвактын пайдасы
2019-04-11 15:12:00