10:59 | 26 мая, 2019

Мисвактын пайдасы

Хадис: "Мисвак – бул ооз көңдөйүнүн тазалыгы жана Жараткандын ыраазычылыгы"
Мисвактын пайдасы фото 2
Египетте өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Арак дарагынын бутагы (тиш тазалоочу мисвак) тишти агартып, тазалап гана тим болбостон 2 күндүн ичинде эле бактерияларды өлтүрүп баштаары маалым болгон. Мисвакты бир эле жолу колдонгондо ооздогу бактериялардын бир эле түрүнүн саны 75%га азаят. Мисвакты щетканын ордуна колдонгондордун айтымында мисвакты колдонуу менен тиштери мурдагыдан агыраак болуп, жаркырап турат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы

Иллинойс университетинин илимпоздору 7 жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында тиш тазалоочу таякчада тишке курт түшүүсүнө каршы, бактерияларды азайтуучу алты химиялык затты аныкташты. Андан сырткары мындай түрдөгү дарактардын кээ бирлеринде тишке курт түшүүгө каршы фтор бар.

-Биз изилдөөлөрдү улантып жатабыз, — дейт Иллинойс университетинин профессору Кристин Ву. – Азыр бир канча компания биздин ишибизге кызыгып калышты, анткени алардын баары эле өздөрүнүн чыгарган продукциясында табигый заттардын болушун каалашат да.

Айтмакчы, көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө тишти тазалоочу “таякча сагыз” чайнашат. Чыгыш Африкада «Salvador persica» дарагынын бутагын, Нигерияда «Fagara schimperi, zanthozyloides» дарагынын бутагын колдонушат.
Мындай бутакчаларды колдонгон африкалыктарда тишке курт түшүү көйгөйү аз.


Кантип колдонуу керек?



Тиш доктору Эрик Шапира мындай дейт:

“Мисвакты колдонуу оңой эле. Бутакчаны алып чайнап жумшартыңыз. Андан кийин тиштериңизди тазалайсыз. Дарактын курамында тишти агартуучу май бар. Бутакчаны жумшартуу үчүн 5-10 мүнөт керектелет. Андан кийин тишти тазалоого 3-5 мүнөт жетиштүү”.

Мисвакты колдонууга даярдоонун андан да оңой жолу бар: таякчанын учун сууга салып коюу керек. Жумшарып калганда 1-1,5 сантиметрдей кабыгын арчып, ичин ажыратып щетка сыяктуу кылып алыңыз. Анан тишиңизди тазалай бересиз.


Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)
Мисвактын пайдасы
2019-04-11 15:12:00