11:32 | 26 мая, 2019

Чачтын түшүүсүн кантип токтотобуз? 7 ыкма

Чачтын түшүшү бул табигый нерсе. Орто эсеп менен күнүнө адамда 80 тал чачы түшөт экен. Анткен менен кээде чачтын нормадан ашык түшүшү коопту экендиги талашсыз. Бул ден-соолугуңузда маселе бар экендигинен кабар берет.
  1. Белокту көбүрөөк колдонуңуз

Белок-бул ден-соолуктун курулуш материалы десек болот. Бул чачка да абдан таасирин берет. Диетологдор күнүнө орто эсеп менен 120 грамм белокту таңкы тамакка жеш керектигин сунуштайт.

  1. Витаминди көп ичиңиз

Витаминдердин курамында темир, цинк, селен бар микроэлементтерди пайдаланыңыз. L-лизин жана 1- l-метионин амин кычкылдарын ичиңиз, болбосо курамында ушул кычкылдар бар тамакты пайдаланыңыз.

  1. Тамактанууңузга маани бериңиз

Майлуу жана, тез-татым тамактардан алыс болуңуз. Тамактанууңуздун арасы 4 саат болушу керек. Бул мүмкүн болбосо, жер жемиштерди көбүрөөк жегенге аракет кылыңыз.

4. Чачка арналган кургаткычтарды көп колдонбоңуз

Лак, мус, фен, жана башка куралдарды чачыңызга көп пайдаланбаңыз.

5. Жаман адаттардан арылыңыз.

Эң башкысы тамеки, кофе, жана ачуу чайдан баш тартыңыз. Бул соматотропин гормонунун көбөйтөт.

6. Эрте уктаңыз

Чачтын өсүшүнө мелатонин гормону таасир берет. Ал уктаган кезде бөлүнүп чыгат. Ал кечки сегиз менен таңкы төрт аралыгында бөлүнүп чыгат. Аны “бакыт гормону” деп айтышат. Бул ашыкча салмактан арылууга жардам берип, маанайыңыздын жакшы болушуна жакшы таасирин бермекчи.

7. Аба ырайынын зыяндуу таасиринен коргоңуз

Чачка жогору жана төмөн температура абдан коопту. Андыктан чачыңызды жылдын төрт мезгилинен коргогонуңуз жөн.

«Мезгил Ньюс»




Комментарии 0

Зарегистрируйтесь или войдите, чтобы оставить комментарий (сейчас комментариев: 0)
Мисвактын пайдасы
2019-04-11 15:12:00